Редакцияот 10.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 10-апрели № 5/1

 

Өзгөн шаар мэринин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2024-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Джалилов