Редакцияот 10.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы

 

2025-жылдын 10-апрели № 5/10

 

Өзгөн шаарына Республикалык бюджеттен 1,0 млрд сом максаттуу трансферт бөлдүрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 7-апрелиндеги биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаарына Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин эсебинен 1,0 млрд сом өлчөмүндө максаттуу трансферт бөлдүрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Трансфертти алуу үчүн керектелүүчү иш-аракеттерди өз убагында аткаруу Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссияларынына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Джалилов