Редакцияот 21.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VI сессиясы

 

2025-жылдын 21-апрели № 6/1

 

Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарына 3 даана LED экран сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27- беренесине ылайык «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өзгөн шаардык маданият үйүнүн аймагына, борбордук базардын аймагына жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залына LED экран сатып алуу жана орнотууга Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 1527,2 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.

 

2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-аракеттерди аткаруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Джалилов