Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/2
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жаткан темир бетон ишканасын куруу үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жаткан темир бетон ишканасын куруу үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого акча каражатын ажыратуу үчүн кайрылган Баш-Булак айыл өкмөтүнүн сунушун угуп талкуулап, Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жаткан темир бетон ишканасын куруу үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого 4300000 (төрт миллион үч жүз миң) сом акча каражаты Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлүп жаткан темир бетон ишканасын куруу үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым үчүн 1000000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |