Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/3
Салык эмес киреше Кодексинин таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык эмес киреше Кодекси 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген. 74-75-76-беренелерине ылайык, Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифи жеке жактар үчүн төлөм бир жылына 10 (он) сомдон, ал эми юридикалык жактар үчүн бир жылына 50 (элүү) сомдон бекитилсин.
2. Төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Баш-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |