Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/7
Баш-Булак айыл аймагынын 2024-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын 1-январына калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагынын 2024-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын 1-январына калган 3971,1 миң сом акча каражаты калгандыгы боюнча айыл аймагынын финансы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп, Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына калган калдык 3971,1 миң сом өлчөмүндө бюджеттин кирешелер бөлүгүнө бекитилсин.
2. Баш-Булак айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына калган калдык 3971,1 миң сом өлчөмүндө бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө бекитилсин.
3. 2025-жылга карата Баш-Булак айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |