Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/8
Баш-Булак айыл аймагындагы социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Баш-Булак маданият үйүн капиталдык оңдоо долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Баш-Булак маданият үйүн капиталдык оңдоо долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Баш-Булак маданият үйүн капиталдык оңдоо долбоорун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салым үчүн 4 947 873 (төрт миллион тогуз жүз кырк жети мин сегиз жүз жетимиш үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет, экономика, ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |