Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/9
Баш-Булак айыл аймагындагы социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы Э.Айдаров, Ортоңку, Мектеп атындагы көчөлөрүнүн бөлүктөрүнө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы Э.Айдаров, Ортоңку, Мектеп атындагы көчөлөрүнүн бөлүктөрүнө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Садырбай айылындагы Э.Айдаров, Ортоңку, Мектеп атындагы көчөлөрүнүн бөлүктөрүнө асфальт төшөө долбооруна айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салым үчүн 1 541 993 (бир миллион беш жүз кырк бир мин тогуз жүз токсон үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет, экономика, ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |