Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 5/10
Баш-Булак айыл аймагындагы социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы Т.Бекмуратов атындагы көчөсүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салым үчүн 3 231 130 (үч миллион эки жүз отуз бир мин бир жүз отуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет, экономика, ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |