Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы

 

2025-жылдын 20-майы № 6/4

 

Баш-Булак айыл аймагындагы Ачы айылынын 4-көчөсүнө «Абдыкадыров Мустапа» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Ачы айылынын тургуну Абдыкадыров Мустапанын аялы Маматова Жанылдын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылынын 4-көчөсүнө «Абдыкадыров Мустапа» атындагы көчө деп ысым берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Бакиров