Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңештин (VIII- чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1
Ийри-Суу айылдык кеңештин төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 29-ноябрь 2024-жылдагы № 3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Ийри-Суу айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 29-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Курманбеков Сейтек Ийри-Суу айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы |
| Н.Акыева |