Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңештин (VIII- чакырылышынын) кезектеги I - сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 4
Чангет айылындагы А. Кубатбеков атындагы, Өстүрү айылындагы Коконбай атындагы, Жийде айылындагы К. Биймурзаева атындагы, Кыргызстан айылындагы А. Айтиев атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун ондоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги I-сессиясынын күн тартибиндеги Чаңгет айылындагы А. Кубатбеков атындагы, Өстүрүү айылындагы Коконбай атындагы, Жийде айылындагы К. Биймурзаева атындагы , Кыргызстан айылындагы А. Айтиев атындагы көчөлөрдүн автоунаа жүрүүчү ички жолдорун ондоп асфальт төшөө үчүн өздүк салымына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. Ийри-Суу айыл аймагынын Чангет айылынын А. Кубатбеков көчөсүндөгү, Өстүрүү айылынын Коконбай көчөсүндөгү автоунаа жүрүүчү ички жолду ондоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөөгө 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 2 773 970 (эки миллион жети жүз жетимиш үч мин тогуз жүз жетимиш) сом каржылоого макулдук берилсин.
2.Ийри-Суу айыл аймагынын Жийде айылынын К.Биймурзаев көчөсүндөгү автоунаа жүрүүчү ички жолду ондоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөөгө 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1443768 (бир миллион төрт жүз кырк үч мин жетүү жүз алтымыш сегиз) сом каржылоого макулдук берилсин.
3. Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргызстан айылынын А. Айтиев көчөсүндөгү автоунаа жүрүүчү ички жолду ондоп түзөөдөн өткөрүү жана асфальт төшөөгө 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 2 705 437(эки миллион жети жүз беш миң төрт жүз отуз жети) сом каржылоого макулдук берилсин.
4.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы М. Икрамовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Курманбеков |