Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 11
“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз III-сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата 8- бөлүмдөн түзүлгөн иш планын жактырылсын жана алымча-кошумчасы менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Курманбеков |
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы кезексиз III-сессиясынын 2025-жылдын 16-январындагы №11 токтомуна
тиркеме
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы
№ | Иш пландын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу | Эскертүү |
Таза-Суу | ||||
1 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча кожолук эсебин тактоо | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери |
|
2 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын айылдар боюнча жыйналыштарын өткөрүп таза-сууну үнөмдүү пайдаланууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери |
|
3 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суу кампаларын, суу насоторун жана суу түтүкчөлөрүн көзөмөлдөп оңдо түзөп туруу | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча жетекчиси, атайын оңдоп түзөө иштерин жүгүзүүчү сантехник мастер кызматкерлери |
|
4 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу тартылган айылдардагы суунун тазалыгын текшерип керектүү суу тазалоочу заттар менен тазалоо жүргүзүп туруу | Мезгил –мезгили менен | Муниципалдык икананын таза-суу боюнча жетекчиси, суу кампаларга жооптуу кызматкерлер |
|
5 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза-суу пайдалануучуларынын акысын график менен чогултуп төгүү | Ар дайым | Муниципалдык ишкананын таза-суу боюнча салымдарды жыйнап көзөмөлдөөчү кызматкерлери |
|
Жайыттар | ||||
1 | Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулардын малдарынын эсебин тактоо | Февралдан Майга чейин | Жайыт адиси,мүчөлөрү менен |
|
2 | Жайыт пайдалануучуларга жайыт билетин берүү, келишим түзүү | Март, апрель, май | Жайыт адиси |
|
3 | Жайыт пайдалануучуларды сырткы жайытка жайгаштыруу | Апрель, Май | Жайыт адиси, мучолору менен |
|
4 | Жайыттарга баруучу жолдорду ондоп түзөө | Майдан Августка чейин | Айыл башчы, Жайыт адиси мүчөлөрү менен демилгелүү топ |
|
5 | Жакынкы жайыттарга мал жандыктар суу ичүүчү ноо куруу | Майдан, Сентябрга чейин, | Жайыт адиси, Ж П Б мүчөлөрү, демилгелүү топ |
|
6 | Жайыт акысын график менен төгүү | Мартдан -Декабрга чейин | Жайыт адистерии |
|
7 | Бардык жайыттарга мониторинг жүргүзүп туруу | Жыл ичинде | Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен |
|
8 | Ички жайыттарды ирээтке келтирүү жана тосмолоп алган участокторду бошотуу боюнча иш алып баруу | Жыл ичинде | Муниципалдык ишкананын жетнкчиси, жайыт адистери, мүчөлөрү менен |
|