Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 12
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV - сессиясынын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджетик кодексинин 88-беренесине ылайык Ийри-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жактырылсын жана тиркемеге ылайык алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Караевке тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Курманбеков |