Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 17
“Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга коюлган баасын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга коюлган баасын бекитүү жөнүндө Н.Карабековдун сунушун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1. “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын таза сууга коюлган баа ченеми 1 кубуна 30 ( отуз) сомдон бекитилсин
2.Токтомду аткаруу жагы “Жаратман Ийри-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Карабековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын тапшырылсын.
Төрага |
| С.Курманбеков |