Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 18
Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал - жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал-жандыктарга чегерилген жайыт акысын бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Элдин малын багуучулар 1 баш кой-эчкиге 150 (бир жүз элүү) сомдон, 1 баш кара-малга 800 (сегиз жүз) сомдон, 1 баш жылкыга 800 (сегиз жүз) сомдон кызмат акысы чегерилсин.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1 баш кой-эчкиге 30 (отуз) сомдон, 1 баш кара-малга 150 ( бир жүз элүү) сомдон, 1 баш жылкыга 150 (бир жүз элүү) сомдон жайыт салыгы бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы жайыт башкаруу адисине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| С.Курманбеков |