Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 19
Илияз Жумабаев атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү мектебинин спорт аянчасынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги IV-сессиясынын күн тартибиндеги Илияз Жумабаев атындагы № 61 орто жалпы билим берүүчү мектебинин педагогикалык жамаатынын чогулушунун протоколун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Илияз Жумабаев атындагы №61 орто жалпы билим берүүчү мектебинин спорт аянчасынан кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарууга алуу жагы жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси М. Дарбагаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл-чарба, жайыт, жеке менчик турак-жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
| С.Курманбеков |