Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-февралы № 21
Ийри-Суу айыл аймагында турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379 беренесине ылайык, Ийри-Суу айыл аймагынын 2025-жылдын 18-февралындагы № 01-01-8/196 катынын жана Ийри-Суу айылдык кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши, төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айыл аймагында 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак-жай имараттары жана жайлары үчүн 1 квадрат метр үчүн ставкасы 12 (он эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн салыкчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык, муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| С.Курманбеков |