Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХХIХ чакырылышынын 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
07.02.2025-ж №42
Кызыл-Суу айыл аймагында “Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасына караштуу айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүү
боюнча тарифи жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу “Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси В.Курочкиндин “Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасына караштуу айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүү боюнча сунушунун негизинде, 2025-жылдын 4-февралындагы айыл аймактагы айылдарында өткөрүлгөн айылдык жыйындардын чечимин карап чыгып, жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу “Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси В.Курочкиндин Ак-Жол МТС” муниципалдык ишканасына караштуу айыл-чарба техникаларынын элге кызмат көрсөтүү боюнча сунушунун негизинде, 2025-жылдын 4-февралындагы айыл аймактагы айылдарында өткөрүлгөн айылдык жыйындардын чечими бекитилсин. (чечим тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жергиликтүү кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Чыныбаева