Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-майы ПЖ № 167
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2025-жылы төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2025-жылдын 1-майынан тартып эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен жөнгө салынуучу кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирген кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери теңдөө жана тегеректөө менен 20%га чейин жогорулатылат;
2) 2025-жылдын 1-майынан тартып эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө", 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" (14-тиркеме), 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө", 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө", 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 "Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө", 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомдору менен жөнгө салынуучу маданият, маалымат жана спорт, саламаттык сактоо, социалдык коргоо системаларындагы кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирген айрым кызматкерлердин, ошондой эле билим берүү системасынын билим берүү уюмдарынын айрым категориялардагы кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери ушул пункттун 1-пунктчасын эске алуу менен теңдештирилет;
3) ушул пункттун 1-пунктчасын эске алуу менен деңгээли тиешелүү деңгээлден жогору болгон саламаттык сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо системаларындагы кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирген айрым кызматкерлердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери өзгөрүүсүз калат;
4) 2025-жылдын 1-майынан тартып жеңил автомобилдердин айдоочуларын кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен жөнгө салынуучу мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери тегеректөө менен 20 %га чейин жогорулатылат;
5) 2025-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарына тиешелүү эселөө коэффициенттерине теңдештирилет;
6) 2025-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген айрым кызматкерлердин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын тиешелүү эселөө коэффициенттерине тегеректөө жана иштин татаалдыгы, сапаты, жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган иш күнү үчүн 25%га чейинки өлчөмдө үстөк акы белгилөө менен теңдештирилет (токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын борбордук, региондук, шаардык жана райондук архив мекемелеринин борбордук аппараттары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагына кирген уюмдар, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын алдындагы "Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына кирген лабораториялар жана уюмдар, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ведомстволук уюмдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын (Кыргызгидромет) инженердик-техникалык курамы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси).
2. 2026-жылы төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2026-жылдын 1-апрелинен тартып илим кызматкерлерин жана эмгек акы төлөө шарттары өзүнчө ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынуучу кызматкерлерди кошпогондо, эмгек акы төлөө шарттары ушул Жарлыктын 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен жөнгө салынуучу кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын категориясына кирген айрым кызматкерлердин эмгек акысы теңдештирүү менен 50%га чейин жогорулатылат;
2) 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын айрым кызмат орундарынын эмгек акысы теңдештирүү жана тегеректөө менен 50%га чейин жогорулатылат;
3) 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналынын эмгек акысы ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык жогорулатылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 2026-2027-жылдары билим берүү, маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы кызматкерлердин тарифтик ставкага (маянага) карата тиешелүү эселөө коэффициенттеринен пайыздык көз карандылыгын үстөк акы түрүндө кайра карасын;
2) "Акылман" президенттик лицейинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын эмгек акылардын колдонуудагы деңгээлин сактоо менен өзүнчө ченемдик укуктук акты менен бекитсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрсүн;
4) 2025-2026-жылдары персоналдын тиешелүү категориялары боюнча айрым кызматтык позицияларды оптималдаштырууну жана тартипке келтирүүнү жүргүзсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |