Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
07.02.2025-ж № 43
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылынын жашоочулары
колдонгон таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө.
Саруу айылынын жашоочулары ичүүчү таза сууга болгон тарифи жөнүндө 2025-жылдын 4-февралындагы өткөрүлгөн айылдык жыйындын чечимин карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 4-февралындагы Саруу айылында өткөрүлгөн айылдык жыйында ичүүчү сууга ар бир үй-бүлө мүчөсүнөн 40 сом өлчөмүндөгү тарифи жөнүндөгү чечими бекитилсин. (чогулуштун протоколу тиркелет)
2.Таза сууга болгон төлөмдөрдү төлөбөгөн айыл тургундарынын суусун мыйзам чегинде убактылуу токтотуп туруу жагы Саруу айылынын Жандуу суу элдик бирикмесинин жетекчиси Т.Мукамбетовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева