Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 12
Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын менчигиндеги жер тилкесинин пайдалануу багытын, турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын жеке менчигиндеги мончо багытындагы жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-838, пайдалануу багытын турак жай багытына пайдаланууга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылынын тургуну Сатыбалдиева Адөөлөткан Нурмаматовнанын менчигиндеги мончо багытындагы 1177 м2 жер тилкесинин, идентификациялык коду 5-06-06-1005-838, пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |