Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 13
Төрт-Көл айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айылдык кеңеши “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Көчкөнбаева Жумагүл Уристамбековна менен Көчкөнбаева Кызжибек Жалиловнанын талапкерлиги жактырылсын.
2. Жактырылган талапкерлердин документтери Борбордук Шайлоо Комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |