Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 14
Бостон айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Бостон айылынын жаңы конушундагы тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 23-декабрындагы элдик жыйындын протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын, Семетеев Акылбектин берген арызын карап, талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бостон айылынын жаңы конушундагы көчөгө Семетеев Исраилдин аты ыйгарылсын.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. Семетеев Исраилдин урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |