Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 15
Логистикалык борбор куруу үчүн жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Логистикалык борбор куруу үчүн, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 8-майындагы № 01-9/748 маалыматын карап, башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жылалды айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин № 572 контурундагы 5,3 гектар сугат айдоо жер тилкесинен, 0,77 гектар сугат айдоо жер тилкесине Логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар боюнча, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |