Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
ХХIХ чакырылышынын 4-сессиясынын
ТОКТОМУ
07.02.2025-ж №44
Ветеринария кызматынын бааларын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө карашту“Ак-Жол Кызыл-Суу МТСы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси В.Курочкиндин ветеринария кызматынын бааларын бекитүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө карашту“Ак-Жол Кызыл-Суу МТСы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси В.Курочкиндин ветеринария кызматынын бааларын бекитүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2.Бодо малдардын асыл тукумдулуугунун жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен алынып берилген Америка селекциясындагы “Абердин Ангус” породасындагы 3 баш буканы жана 10 баш кочкорду, Сырт өрөнүндөгү топоздорду өз убагында көзөмөлдөп тоюттарын даярдап ветеринардык иштерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жергиликтүү кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым Г.Чыныбаева