Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 17
Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорлор жөнүндө
Макаренко айылында күрүч таңгактоочу ишкана куруу долбоорун карап, башкы адис Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоорду талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылында күрүч таңгактоочу ишкана куруу долбоору, Төрт-Көл айыл аймагындагы артыкчылыктуу долбоор деп бекитилсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин ЖКХ бөлүгүнүн 3111 беренесинен 2000000 (эки миллион) сом күрүч таңгактоочу ишкана курууга бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жан инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |