Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 18
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы бекитилсин:
1) Ө. Эсенбаев – комиссиянын төрагасы, Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
2) Р. Маматова – комиссиянын катчысы, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басары
Мүчөлөрү:
3) А. Жолдошов - Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
4) Б. Убукеев - Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
5) Т. Болотов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
6) З. Оморбеков – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
7) К. Сыргаев – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
8) Т. Анарбаев – Макаренко айылынын айыл башчысы
9) Б. Акматов – Кыймыл айылынын айыл башчысы
10) М. Абдрахманов – Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок, айылдарынын айыл башчысы
11) Д. Сулайманов – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси
12) А. Джумабаев – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн юристи
13) РАӨБнын өкүлү
2. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |