Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХIХ
чакырылышынын 5-сессиясынын
ТОКТОМУ
26.02.2025-ж №47
Кызыл-Суу айыл аймагында мүлк салыгынын өлчөмү
жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 379-беренесинин. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн 2025-жылдын 1-январь айынан тартып салыгын ишке киргизүү жагы жергиликтүү кенештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, жергиликтүү кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын 1-январь айынан тартып Кызыл-Суу айыл аймагындагы мүлк салыгынын төмөндөгүдөй өлчөмү ишке киргизилсин.
2.2025-жылдын 1-январь айынан баштап айыл ичиндеги мүлк салыгынын ставкасы өлчөмү 1 чарчы метр үчүн 2,0 сомдон бекитилисин.
3. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Респуликасынын ченемдик- укуктук актылар реестерине каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы А.Ташбаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү кенештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жоопту катчы А.Молдоибраевага тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева