Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылдын 20-январы № 19
Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобого ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү жобого ылайык дбщлжерге укукту берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы бекитилсин:
1) Б. Убукеев - Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
2) Мамажан уулу Жаныбек – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
3) К. Абдраимов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
4) Сапарбай уулу Нурсултан – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
5) Ж. Абдымаликов – Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаты
6) Т. Анарбаев – Макаренко айылынын айыл башчысы
7) Б. Акматов – Кыймыл айылынын айыл башчысы
8) С. Боржуева - Прогресс айылынын айыл башчысы
9) М. Абдрахманов – Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок, айылдарынын айыл башчысы
10) Д. Сулайманов – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси
11) А. Джумабаев – Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн юристи
12) “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн филиалынын өкүлү
13) Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлү
2. Комиссиянын курамына типтүү жобого ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |