Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июну № 309
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 531 “Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Имараттарды энергетикалык сертификациялоону өркүндөтүү максатында, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 531 “Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Буу казандардын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Имараттарга энергетикалык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 1.8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Имараттын долбоордук-сметалык документтерине энергияны пайдаланууну долбоордук баалоону аткарган сертификацияланган адис ошол эле имаратты энергетикалык сертификациялоону жүзөгө ашыра албайт.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |