Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
10.03.2025-ж №51
Сугат суунун тарифинин жогорулашы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтердин прейскурантын бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 7-февралындагы №04-13/34 жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 4-февралындагы №4 буйруктарын карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтердин прейскурантын бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 7-февралындагы №04-13/34 жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 4-февралындагы №4 буйруктары эске алынсын.
2.Сугат суунун тарифинин жогорулашы боюнча элдин арасында наразычылык туудуруп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кат даярдалып жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева