Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 32
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макуулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 04-январындагы № 01-9/6, № 01-9/7 корутундуларынын негзинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” уачасткасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макуулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 04-январындагы № 01-9/6, № 01-9/7 корутундуларынын негзинде Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттагы “Чаарташ” участкасындагы 89,1 га жайыт жер тилкесине чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жана 10,8 га га жайыт жер тилкесине казуу иштерин жүргүзүү үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун 7412 СР (чалгындоо иштерине) жана 7413 (кен казуу иштерине) алган лицензиясына макуулдук макулдук берилсин.
2. Суралсын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Өзгөн районундагы филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, аталган жер тилкесине мыйзам чегинеминдеги тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |