Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 33
Кыргыз Республикасынын Санариптик министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Санариптик министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү маселени угуп жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |