Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 34
Төрт-Көл айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги “тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги дыйкандарга сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндөгү маселенин карап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги “тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартиби) дыйкандарга сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. “Дары Суу” жана “Нур-Булак-Башат” суу пайдалануучулар бирикмелери, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошов, Тартипте бекитилген фунцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттемелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырууну камсыздашсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 6-майындагы № 34 токтомуна 1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги “Тийешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын милдеттемелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, функциялардын милдеттемелердин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
Кызматтар | ||
1.1. | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Муниципалдык ишкана (келишим боюнча) |
Функциялар | ||
2.1. | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2. | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.3. | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюуу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финансалык-экономикалык бөлүмү |
2.4. | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.5. | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6. | Суу колдонуу, ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы. Жергиликтүү кеңеш |
2.7. | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы. Жергиликтүү кеңеш |
2.8. | Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы. Жергиликтүү кеңеш |
Милдеттемелер | ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объетери катары катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы. Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы
|
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категориясына субсидиядаларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4. | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |