Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 36
Шоро-Башат айылындагы К. Кахарова көчөсүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Шоро-Башат айылындагы К. Кахарова № 2, көчөсүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын пайдалануу багытын бала бакча багытында пайдаланууга өзгөртүү жөнүндөгү маселени карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылындагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын пайдалануу багытын бала бакча багытында пайдаланууга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |