Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын 6-сессиясынын
ТОКТОМУ
10.03.2025-ж №59
Швецария өкмөтү жана Швецария жана кызматташтык Агенттиги тарабынан каржыланып жаткан айыл аймагында “Жергиликтүү деңгээлде
кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбооруна
каралган акча каражаты тууралуу.
Швецария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары бериле турган акча каражатын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолоруна кошумча 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сомду туура пайдалануу максатында жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Швецария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоордун алкагында дараметин жогорулатуучу грант катары келип жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелип, айыл өкмөтүнүн дараметин жогорулатууга чыгымдалсын.
2.Жети-Өгүз районунун финансы башкармалыгынан дараметти жогорулатуучу грант караты келип жаткан 125 000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражатын аппарат бөлүмүнүн атайын эсептик счетуна тиешелүү беренелерине кошумча бекитилип берилсин.
3.Каралган акча каражатын өз багытында туура пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Маданбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева