Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 41
Шоро-Башат айылында уюштурулган балдар бакчасына Асранова Уулбүнүн атын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бошогон административдик имаратына уюштурулган балдар бакчасына Асранова Уулбүнүн атын ыйгаруу жөнүндөгү Шоро-Башат айылынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги элдик жыйындын протоколун карап жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шоро-Башат айылындагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бошогон административдик имаратына уюштурулган балдар бакчасына Асранова Уулбүнүн атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |