Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана бош убактысын уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо төмөнкүдөй мазмундагы 251-пункт менен толукталсын:
"251. Жайкы мектеп каникулдары мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын маданий-эс алуу жана спорттук ишин жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле медициналык тейлөөнү камсыз кылуу менен жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги лагерлер уюштурулушу мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |