Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 43
Күрүчтү кайра иштетүүчү жана элге кызмат көрсөтүүчү ишканаларды куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 15-майындагы № 01-9/774 сандуу корутундусун, Прогресс айылынан 0,77 га жер тилкесине күрүчтү кайра иштетүүчү жана элге кызмат көрсөтүүчү ишканаларды куруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Прогресс айылындагы № 572 контурдан 0,77 га сугат айдоо, жалпысынан 0,77 га мамлекеттин менчигиндеги сугат айдоо жер тилкеси, күрүчтү кайра иштетүүчү жана элге кызмат көрсөтүүчү ишканаларды куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |