Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 45
Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок айылдарынын айыл башчысы М. Абдрахмановдун билдирүүсү жөнүндө
Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок айылдарынын айыл башчысы М. Абдрахмановдун аталган айылдардага 150 (бир жүз элүү) даана электр мамычаларын жана 2 (эки) даана көмөкчү чордонун сатып алуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Красный-Маяк, Кальта, Бото-Мойнок айылдарына 150 (бир жүз элүү) даана электр мамычаларын жана 2 (эки) даана көмөкчү чордонун сатып алуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен кошумча киреше бөлүгүнөн кайрадан кароо сунушталат.
2. Төрт-Көл айылдык кеңешинин сессиясынын отрумуна сунуштоо жагы ФЭБ башчы У. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айылдык финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |