Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 6-майы № 46
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо)
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “ Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылу жобону бекитүү туралуу” токтомунун, Кыргыз республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын чыгыщ № 01-2-726, 23.04.2024-жылдагы катына таянып Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, жалпысы болуп 35,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан , калктуу конушка турак жай куруу үчүн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) маселени угуп жана таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, жалпысы болуп 35,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан , “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) макулдук берилсин.
- № 99 контурдан – 9,80 га (чөп чабынды);
- № 267 контурдан – 15,69 га (кайрак айдоо);
-№ 415 контурдан – 3,40 га (тыт);
- № 425 контурдан – 0,55 га (выгон);
-№ 436 контурдан – 3,20 га (тыт бак);
-№ 565 контурдан – 1,0 га (тыт бак);
-№ 709 контурдан – 1,36 га (бак);
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы көрсөтүлгөн контурлардагы жалпы аянты 35,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан , “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жагы.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Өзгөн филиалынан жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин жеке менчик турак жай куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага |
| Б. Мураталиев |