Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 48
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “Жылалды” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги чарбалык маселелерди натыйжалуу жана эффективдүү чечүүдө, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө калктын муктаждыктарын канаттандыруу максатында муниципалдак ишкана түзүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги чарбалык маселелерди натыйжалуу жана эффективдүү чечүүдө, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө калктын муктаждыктарын канаттандыруу үчүн төмөндөгүдөй муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин:
Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Жылалды” муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: “Жылалды” муниципальная предприятия.
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Жылалды” МИ;
- расмий тилде: “Жылалды” МП.
2. “Жылалды” муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү, Жылалды айылы, А, Эсеналиев көчөсү, 12 болуп белгиленсин.
3. “Жылалды” муниципалдык ишканасынын Уставы түзүлүп, бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин айылдык регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |