Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 49
Макаренко айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Макаренко айылынын тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 28-майындагы элдик жыйындын протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макаренко айылынын жаңы конушундагы көчөгө Мураталиев Бакастын аты ыйгарылсын.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. Мураталиев Бакастын урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |