Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 50
Макаренко айылынын жаңы конушундагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Макаренко айылынын тургундардын көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2024-жылдын 21-майындагы элдик жыйындын протоколун жана ага тиркелген баяндамаларын карап, таклуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макаренко айылынын жаңы конушундагы көчөгө “Эмгектин Ардагери” ардегери Мураталиев Сокучунун аты ыйгарылсын.
2. Суралсын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан, ысым ыйгарылган көчөнү каттоого алуу жагы.
3. “Эмгектин Ардагери” ардегери Мураталиев Сокучунун урпактарына көчөнү абатоо боюнча иш-чараларга мүмкүнчүлүктөрүнө карап демөөрчүлүк көрсөтүү жагы сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |