Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 30-майы № 1
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин кызматтык кийимдерин берүү нормаларын жана кийүү мөөнөттөрүн, жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин кызматтык кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 1-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 10-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин кызматтык кийимдерин берүүнүн нормалары жана кийүү мөөнөттөрү, ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин формалык кийимдеринин айырмалоо белгилеринин жана фурнитурасынын сыпаттамасы ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык.
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Укуктук маалымат башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин, ошондой эле буйрук Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкына жарыялансын.
4. Бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Юстиция министринин тейлөөчү орун басары К.К. Казаковго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| А.Б. Баетов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин кызматтык кийимдерин берүүнүн нормаларын жана кийүү мөөнөттөрү
№ | Предметтердин аталышы | Бир адамга предметтердин саны | Кийүү мөөнө-тү |
1. Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн: | |||
1 | Маңдайы кырлуу, каракүлдөн жасалган кулакчындуу тумак | 1 даана | 3 жыл |
2 | Фуражка/берет (аялдар үчүн) параддык/күнүмдүк | 2 даана | 4 жыл |
3 | Формалык пилотка | 2 даана | 2 жыл |
4 | Ачык боз түстөгү каракүл жакалуу жылууланган көк түстөгү күрмө | 1 даана | 4 жыл |
5 | Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
6 | Кочкул көк габардинден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
7 | Ачык боз түстөгү габардинден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
8 | Кочкул көк түстөгү комплекте шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
9 | Кыска жеңдүү, кочкул көк түстөгү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк жайкы күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
10 | Кочкул көк түстөгү шым (юбка) | 1жуп/даана | 3 жыл |
11 | Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел кур салынган формалык көйнөк | 2 даана | 1 жыл |
12 | Аялдар үчүн жайкы жана кышкы көйнөк | 1 даана | 2 жыл |
13 | Туфли | 1 жуп | 2 жыл |
14 | Формалык галстук (галстук-бант) | 2 даана | 3 жыл |
15 | Плащ | 1 даана | 5 жыл |
16 | Кайыш кур | 1 даана | 3 жыл |
2. Юстициянын 2-3 класстагы кеңешчилери үчүн: | |||
1 | Аң териден жасалган кулакчындуу, кочкул көк түстөгү тумак | 1 даана | 3 жыл |
2 | Күнүмдүк фуражка/беретка (аялдар үчүн) | 2 даана | 4 жыл |
3 | Формалык пилотка | 2 даана | 2 жыл |
4 | Кочкул көк аң тери жакалуу көк түстөгү жылууланган күрмө | 1 даана | 4 жыл |
5 | Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
6 | Кочкул көк түстөгү габардинден тигилген эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
7 | Кочкул көк түстөгү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
8 | Кочкул көк түстөгү кыска жеңдүү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк жайкы күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
9 | Кочкул көк түстөгү шым (юбка) | 1 жуп/даана | 3 жыл |
10 | Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел кур салынган формалык көйнөк | 2 даана | 1 жыл |
11 | Аялдар үчүн жайкы/ кышкы көйнөк | 1 даана | 2 жыл |
12 | Туфли | 1 жуп | 2 жыл |
13 | Кочкул көк түстөгү формалык галстук (галстук-бант) | 2 даана | 3 жыл |
14 | Плащ | 1 даана | 5 жыл |
15 | Кайыш кур | 1 даана | 3 жыл |
3. 1, 2 жана 3-класстагы юристтер жана кенже юристтер үчүн: | |||
1 | Аң териден жасалган кулакчындуу, кочкул көк түстөгү тумак | 1 даана | 3 жыл |
2 | Кочкул көк кездемеден тигилген күнүмдүк фуражка | 2 даана | 4 жыл |
3 | Формалык пилотка | 2 даана | 2 жыл |
4 | Кочкул көк аң тери жакалуу көк түстөгү жылууланган күрмө | 1 даана | 4 жыл |
5 | Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
6 | Кочкул көк түстөгү габардинден тигилген эки жакка кымтыланма пиджак (жакет) | 1 даана | 3 жыл |
7 | Кочкул көк түстөгү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
8 | Кочкул көк түстөгү кыска жеңдүү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк жайкы күрмө | 1 комплект | 4 жыл |
9 | Кочкул көк түстөгү шым (юбка) | 1 жуп/даана | 3 жыл |
10 | Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел кур салынган формалык көйнөк (блузка) | 2 даана | 1 жыл |
11 | Аялдар үчүн жайкы / кышкы көйнөк | 1 даана | 2 жыл |
12 | Туфли | 1 жуп | 2 жыл |
13 | Кочкул көк түстөгү формалык галстук (галстук-бант) | 2 даана | 3 жыл |
14 | Плащ | 1 даана | 5 жыл |
15 | Кайыш кур | 1 даана | 3 жыл |
Эскертүү:
Айырмалоо белгилери (эмблемалар, кокардалар, чоң жана кичине жылдыздар, чоң жана кичине топчулар, филиграндар, боолор, жең белгилери) кийүү убактысын эске алуу менен кызматтык форманын предметтеринин санына ылайык келген санда берилет.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасы
1. Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана
1-класстагы юридикалык кеңешчилер үчүн
1. Кулакчындуу тумак
Кулакчындуу тумак алкактан, маңдай кырдан жана желкеси бар кулакчындан турат, кулакчындын учунда кара түстөгү тасма болот. Маңдай кырдын алдыңкы деталдары, желке жана кулакчындары ачык боз түстөгү каракүлдөн жасалат. Алдыңкы деталдары жана алкагы боз түстөгү ноотудан жасалат. Алдында, маңдай кырдын ортосунда алтын түстөгү металл (пластмасса) кокарда бекитилет.
Аялдар үчүн боз түстөгү табигый каракүлдөн жасалган берет.
2. Фуражка параддык/күнүмдүк.
Күнүмдүк фуражка кара баркыт алкактуу кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет (юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин жана юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин чени бар адамдарга кийимдин параддык формасы үчүн фуражканык ак түстөгү кездемеден даярдалышы да каралган), алкагына жана кебине көгүлтүр милте бастырылат, алкагына эки кичинекей топчу менен алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чебердик менен өрүлгөн кош катар боо тагылат. Кебине Кыргыз Республикасынын алтын түспөл Мамлекеттик герби тагылат. Маңдай кыры кара, лакталган.
Юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чени бар адамдар үчүн алкагындагы маңдай кырынын үстүнө алтын түспөлдөнгөн өтө чебердик менен өрүлгөн боодон башка, симметриялуу жайгашкан эки эмен бутагы түрүндөгү алтын түстүү кооздук да саймаланып салынат.
3. Формалык пилотка.
Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген пилотка эки капталдуу болуп, төбөсү ичине кайрылып кире тургандай тигилет. Пилотканын төбөсүнө атайын ич тигилген.
4. Ачык боз түстөгү каракүл жакалуу, жылууланган көк түстөгү күрмө.
Күрмө көк түстөгү кездемеден тигилет, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичи бар, капюшону кайрып тигилген, борттук сыдырмасы бар, ал 6-7 топчуга (бөрк) топчуланат. Өңүрүндө бел сызыгы боюнча ичи болот, үстүңкү жана астыңкы чөнтөктөрү бүчүлүктүн капталына жантайып кошо тигилет. Арка тарабы туташ бычылган, бел сызыгы боюнча ичи бар. Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилет. Жеңдин этеги жабык тилим менен бүгүлгөн тигиш менен тигилет. Жеңдин этеги ички жагынан эластикалык манжеттер менен тартылат. Капюшону үч: каптал жана борбордук бөлүктөн турат.
Жеңдин ийин тигиштеринде погондорду бекитүү үчүн тарткычтар кайып тигилген, алар формалык топчуга топчуланат.
5. Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтылама пиджак (жакет).
Пиджак (жакет) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби бар алтын түспөл формалык алты топчулуу эки жакка кымтыланма. Пиджак жарым кынама бычылышта, түрсүз кездемеден тигилген, жакасы кайырма, учасы тигиштүү, тилиги жок, жени кош тигиштүү. Пиджактын капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери үчүн жеңинде манжет бар. Жакасына, чөнтөктөрүнүн капкалдырыктарына жана манжетсиз жеңдерге үчтөн кичине топчу кадалган. Юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин жана юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин чени бар адамдар үчүн параддык ак пиджак да каралган.
6. Кочкул-көк габардинден тигилген погондору, костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет). Ушул сыпаттаманын 5-пунктундагы сыпаттамага шайкеш келет.
7. Ачык боз түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет). Ушул сыпаттаманын 5-пунктундагы сыпаттамага шайкеш келет.
8. Кочкул көк түстөгү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө.
Күнүмдүк күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген, жакасы кайырма, борбордук сыдырмасы топчуланат, кашат салынган жана этегине чейин ичтелген. Өңүрүндө бөрктөмөсү, жогорку каптама чөнтөктөрү бар, тигиши кайып тигилген жана бир формалык топчуга топчулануучу, каптал чөнтөктөрүндө сыдырмасы бар. Каптама чөнтөктөрдүн ортосунда туурасы 30 мм болгон бант бүктөлгөн. Жеңдери бир тигиштүү, чыканак тигиши боюнча тилик, манжеттеры кайып тигилген. Күрмөнүн этеги каптал тигиштеринде үч катар чоюлма тасма менен тартылган. Чөнтөктүн жапкычы жана манжеттер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 14 мм болгон формалык топчуга топчуланат.
Юбка жана шым 10-пункттагы сыпаттамага шайкеш келет.
9. Кочкул көк түстөгү кыска жеңдүү комплектте жайкы шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө. Күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген, жакасы кайырма, сыдырмасы топчулануучу, кайып тигилген жана этегине чейин ичи жок. Өңүрүндө бөртмөгү, жогорку каптама чөнтөктөрү бар, кайып тигилген жана бир формалык топчуга топчулануучу, капталынан тилик сыдырмалуу чөнтөктөрү бар. Каптама чөнтөктөрдүн ортосунда жазылыгы 30 мм болгон саптан жасалган бант бүктөлгөн. Күрмөнүн этеги каптал тигиштеринде үч катар чоюлма тасма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн жапкычы жана манжеттер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 14 мм болгон формалык топчуга топчуланат.
Юбка жана шым 10-пункттагы сыпаттамага шайкеш келет.
10. Кочкул көк түстөгү шым (юбка).
Шым багелеги түз, кое берилип, манжети жок тигилген, эни 2,5 мм болгон көгүлтүр милте бастырылган. Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн шымдын милтелеринен 50 мм аралыкта шымдын бүткүл узундугуна тышкы тигиши боюнча эни 22 мм болгон көгүлтүр түстөгү тигилме бастырылган.
Юбка бүгүм салынып, түз тигилген, узундугу тизеден ылдый.
11. Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел курчоо салынган формалык көйнөк (блузка).
Көйнөк ак жана көк түстөгү кездемеден тигилген, узун жана кыска жеңдүү болот, жеңи туюк оймо манжеттери бар, куру туюк бычылып, каптал тигиштерине чоюлма тасма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчуга топчуланат, бирөө жакада, экөө белинде. Жакасы кайырма, тикесинен тилик, кооздогон тигиши менен (же жалпак жака менен). Өңүрүндө липучка менен топчулана турган түз капкалдырыктары бар үстүңкү каптама чөнтөктөрү болот.
Погондорду ийин тигиштеринде бекитүү үчүн өңүрүндө эки өткөргүчтөн жана эки илмектен турат.
Күнүмдүк чечилүүчү погондор.
12. Жайкы/кышкы көйнөк.
Жайкы – көк түстөгү жеңил кездемеден, кышкы – кочкул көк түстөгү тыгыз кездемеден тигилген, бели боюнча кесилген, жакасы кайырма жана капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар. Көйнөктүн алдында жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктары топчуга топчуланат. Жеңи кыска (узун). Юбка эки тигиштүү, алды жагында каршы бүктөм менен. Күнүмдүк чечилүүчү погондору бар.
13. Туфли.
Туфли (аялдар үчүн) кара түстөгү кайыш, апкыттан жана төмөнкү бөлүктөн (тамандан жана такадан) турат, желим менен жабыштырылган. Таканын бийиктиги 5 см ашык эмес.
Туфли (эркектер үчүн) кара түстөгү кайыш, таманы резинадан калыпка салынган. Ичинде батек салынган, таманы желим.
14. Формалык галстук (галстук бант).
Галстук (эркектер үчүн) кочкул көк түстөгү кездемеден (параддык-кара түстөгү кездемеден) тигилет, трапеция түрүндөгү негизги бөлүктөн турат, ал учтуу бурч менен аяктайт, туруктуу “Регат” түйүнү жана формалык көйнөктүн жакасынын алдында галстукту бүчүлөө үчүн моюнчагы бар.
Галстук – (аялдар үчүн) кочкул көк түстөгү кездемеден (параддык-кара түстөгү кездемеден) тигилет, 45 градус бурч менен ылдый карай тилке түрүндөгү жана формалык көйнөктүн жакасынын астына галстукту бекитүү үчүн бекиткичтен турат.
15. Плащ кочкул көк түстөгү суу өткөрбөй турган кездемеден тигилет, төрт топчуга топчулана турган жашыруун топчулануучу бир борттуу, ичтелген, тогоо менен топчулануучу куру бар. Жакасы кайырма, тиреги бар. Өңүрлөрү, тилик чөнтөктөрү бар. Этеги кокеткалуу жана тигиш дал ортосунан өтүп, тилик болуп бүтөт. Жеңдери үч тигиштүү, асты орто тигиштерге кайып тигилген тарткычтары бар, алардын бош учу топчуга топчуланат.
16. Туурасы 20-25 мм болгон кара (коргоочу) түстөгү кайыш кур металл тоголок жана жылдырма илмектүү.
2. Юстициянын 2 жана 3-класстагы кеңешчилери үчүн
17. Аң териден жасалган кулакчындуу, кочкул көк түстөгү тумак
Кочкул көк түстөгү аң териден жасалган кулакчындуу тумак алкактан (төбөдөн), маңдай кырдан жана желкеси бар кулакчындан турат, кулакчындын учунда кара түстөгү тасма болот. Маңдай кырдын алдыңкы деталдары, желке жана кулакчындары ачык боз түстөгү каракүлдөн жасалган. Алдыңкы деталдары жана калпагы (төбөсү) боз түстөгү ноотудан жасалат. Алдында, маңдай кырдын ортосунда алтын түстөгү металл (пластмасса) кокарда бекитилет.
18. Күнүмдүк фуражка/беретка (аялдар үчүн).
Күнүмдүк фуражка кара баркыт алкактуу кочкул көк түстөгү кездемеден тигилет, алкагына жана кебине көгүлтүр милте бастырылат, алкагына эки кичинекей топчу менен алтын түспөлдөнгөн кокардалуу өтө чебердик менен өрүлгөн кош катар боо тагылат. Кебине Кыргыз Республикасынын алтын түспөл Мамлекеттик герби тагылат. Маңдай кыры кара, лакталган.
Юстициянын 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин атайын класстык чендери бар адамдар үчүн алкактагы маңдай кырынын үстүнө лакталган кара маңдай кыры, алтын жалатылган филиграндык боодон тышкары симметриялуу жайгашкан эмен бутактары түрүндө алтын саймалуу жасалга жайгаштырылат.
19. Формалык пилотка.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
20. Кочкул көк аң тери жакалуу көк түстөгү жылууланган күрмө. Күрмө көк түстөгү кездемеден тигилет, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичи бар, капюшону кайрып тигилген, борттук сыдырмасы бар, ал 6-7 топчуга (бөрк) топчуланат. Өңүрүндө бел сызыгы боюнча ичи болот, үстүңкү жана астыңкы чөнтөктөрү бүчүлүктүн капталына жантайып кошо тигилет. Арка тарабы туташ бычылган, бел сызыгы боюнча ичи бар. Жеңдери эки тигиштүү кайып тигилет. Жеңдин этеги жабык тилим менен бүгүлгөн тигиш менен тигилет. Жеңдин этеги ички жагынан эластикалык манжеттер менен тартылат. Капюшону үч: каптал жана борбордук бөлүктөн турат.
Жеңдин ийин тигиштеринде погондорду бекитүү үчүн тарткычтар кайып тигилген, алар формалык топчуга топчуланат.
21. Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтылама пиджак (жакет).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
22. Кочкул көк түстөгү габардинден тигилген эки жакка кымтылама пиджак (жакет).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
23. Кочкул көк түстөгү шым/юбкасы менен комплектте күнүмдүк күрмө.
Күрмө юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
24. Кочкул көк түстөгү кыска жеңдүү комплектте жайкы шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө.
Кочкул көк түстөгү шым/юбкасы менен комплектте күнүмдүк күрмө.
Күрмө юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
25. Кочкул көк түстөгү шым (юбка). Шым багелеги түз, кое берилип, манжети жок тигилген, эни 2,5 мм болгон көгүлтүр милте бастырылган.
Юбка түз, бүктөлмө жана узундугу тизеден ылдый.
26. Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел курчоо салынган формалык көйнөк (блузка).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
27. Жайкы жана кышкы көйнөк.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
28. Туфли ушул сыпаттаманын 13-пунктундагы сыпаттамага ылайык келет.
29. Формалык галстук (галстук-бант).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
30. Плащ.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
31. Кайыш кур
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
3. 1, 2 жана 3-класстагы юристтер жана кенже юристтер үчүн
32. Аң териден жасалган кулакчындуу, кочкул көк түстөгү тумак. Юстициянын 2 жана 3-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
33. Күнүмдүк фуражка.
Юстициянын 2 жана 3-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
34. Формалык пилотка.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
35. Кочкул көк аң тери жакалуу көк түстөгү жылууланган күрмө. Юстициянын 2 жана 3-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
36. Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилген погондору, петлицалары жана жең белгиси бар эки жакка кымтыланма пиджак (жакет)
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
37. Кочкул көк түстөгү габардинден тигилген эки жакка кымтыланма пиджак (жакет).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
38. Кочкул көк түстөгү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк күрмө. Күрмө юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
Юбка жана шым 14-пункттагы сыпаттамага шайкеш келет.
39. Кочкул көк түстөгү кыска жеңдүү комплектте шым/юбкасы менен күнүмдүк жайкы күрмө. Күрмө юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
Юбка жана шым 14-пункттагы сыпаттамага шайкеш келет.
40. Кочкул көк түстөгү шым (юбка).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
41. Ак жана көгүлтүр узун жана кыска жеңдүү, бел курчоо салынган формалык көйнөк (блузка).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
42. Жайкы жана кышкы көйнөк аялдар үчүн.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
43. Туфли ушул сыпаттаманын 13-пунктундагы сыпаттамага ылайык келет.
44. Формалык галстук (галстук-бант).
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
45. Плащ.
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
46. Кайыш кур
Юстициянын 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери жана юстициянын 1-класстагы кеңешчилери үчүн сыпаттамага шайкеш келет.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын класстык чени бар кызматкерлеринин форма кийимдеринин айырмалоо белгилеринин жана фурнитураларынын сыпаттамасы
1. Айырмалоо белгилери
Ийинге тагылган погондор айырмалоочу белгилер болуп эсептелет. Погон жумшагыраак, узун жактары жарыш болуп чоюлган алты бурчтук түрүндө, төмөн жагы тик бурчтуу, жогору жагы төмөнкү четине жарыш, кесик жагы кең бурчтуу болуп бүтөт.
Погондун узундугу 110-120 мм, юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендери бар адамдар үчүн погондун эни - 55 мм, ал эми юстициянын 1-класстагы кеңешчисинен 3-класстагы юристерге чейинки атайын класстык чини бар адамдар үчүн - 50 мм. Погондун четтери, төмөнкү четинен башкасы көгүлтүр нооту менен кыюланат, милтенин эни - 2,5 мм.
2. Юстициянын 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилеринин погондору
Өзгөчө өрүлгөн күмүш түстөгү волокадан жасалат, жарык чагылдыргыч тилкеси жок, ич жагы нооту менен кыюланат.
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына ар биринин диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу эки жылдызча ортосуна узунунан бекитилет. Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык - 40 мм, жылдыздар ортосундагы аралык - 35 мм.
Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 25 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу бир жылдызча ортосуна бекитилет, погондун төмөнкү четинен жылдыздын борборуна чейинки аралык - 40 мм.
3. Юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилеринин погондору
Ич жагы нооту менен кыюуланган боз түстөгү волокадан жасалат. Погондун талаачасында көгүлтүр түстөгү 2 жарык чагылдыргыч тилке бар.
Юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу 3 жылдызча бекитилет (алардын ичинен 2 жылдызча жарык чагылдыргычка, 1 жылдызча жарык чагылдыргычтардын ортосуна).
Юстициянын 2-класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына жарык чагылдыргычтарга диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу 2 жылдызча бекитилет. Погондун төмөнкү четинен биринчи жылдыздын борборуна чейинки аралык - 30 мм, жылдыздар ортосундагы аралык - 25 мм.
Юстициянын 3-класстагы кеңешчисинин погонунун талаачасына жарык чагылдыргычтардын ортосуна диаметри 20 мм болгон алтын түстөгү беш бурчтуу бир жылдызча бекитилет, погондун төмөнкү четинен жылдыздын борборуна чейинки аралык - 45 мм.
4. 1, 2 жана 3-класстагы юристтердин жана кенже юристтин погондору
Погондор ич жагы нооту менен кыюуланган боз волокадан жасалат.
Погондо көгүлтүр түстөгү бир жарык болот.
1-класстагы юристтин погонунун талаачасына диаметри 13 мм алтын түстөгү 4 жылдызча бекитилет (алардын ичинен 2 жылдызча погондун төмөнкү кырынан 30 мм аралыкта, жылдызчалардын борборлорунун ортосунда – 25 мм, 2 жылдызча погонду бойлото жылдызчалардын борборлорунун ортосунда 25 мм аралыкта).
2-класстагы юристтин погонунун талаачасына диаметри 13 мм болгон 3 алтын түстөгү 3 жылдызча бекитилет (алардын ичинен 2 жылдызча погондун төмөнкү кырынан 30 мм аралыкта, жылдызчалардын борборлорунун ортосунда – 25 мм, бир жылдызча жылдызчалардын борборлорунун ортосунда 25 мм аралыкта).
3-класстагы юристтин погонунун талаачасына погондун төмөнкү кырынан 30 мм аралыкта диаметри 13 мм 2 алтын түстөгү жылдызча бекитилет, жылдыздын борборлорунун ортосундагы аралык 25 мм.
Кенже юристтин погонунун талаачасына погондун төмөнкү кырынан 30 мм аралыкта диаметри диаметри 13 мм болгон 1 жылдызча бекитилет.
5. Жең белгиси
Жең белгиси бышык кездемеден жасалат жана бийиктиги 100 мм, эни 80 мм сүйрү тегерекче түрүндө болот.
Сүйрү тегерекченин ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлүп, эмен жалбырактары менен алкакталып кооздолот.
Жең белгиси пиджактын (жакеттин) сол жеңинин үстүнө, жеңдин үстүңкү түбүнөн 12 см аралыкта тигилет.
6. Петлицалар
Юстициянын 1. 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилери үчүн петлицалар нооту ичтелген күмүш түстөгү волокадан жасалат. Юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчилери жана 1, 2 жана 3-класстагы юристтер жана кенже юрист үчүн петлицалар нооту ичтелген боз түстөгү волокадан жасалат. Петлицалар узундугу 7 мм, эни 25 мм, кыйгачынан түшкөн узундугу 30 мм болгон тик бурчтук түрүндө болот.
Юстициянын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчилеринин петлицаларына эмен жалбырактары менен алкакталган сот адилеттүүлүгүнүн эмблемасы түшүрүлгөн.
Юстициянын кеңешчилеринин жана 1, 2 жана 3-класстагы юристтердин жана кенже юристтин петлицаларына сот адилеттүүлүгү эмблемасы түшүрүлгөн.
Петлица эни 2,5 мм болгон металл планка алкакка салынат.
Эмблемалар петлицаларга жаканын бурчунан эмблеманын борборуна чейин огуна узата кеткен сызыкта 30 мм аралыкта жайгаштырылат.
Петлицалардын төмөнкү капталы жаканын кырына, пиджактын (жакеттин) жакасынын кайрылган учуна каптал жагы жарыш келтирилип, 5 мм аралыкта тигилет.