Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 11-июну № 54
Жылалды айылынын Ж. Кабылов көчөсүнө көмөкчү чордон куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жылалды айылынын Ж. Кабылов көчөсүнө көмөкчү чордон куруу үчүн жер тилкесине токтом чыгарып берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Жолдошовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын Ж. Кабылов көчөсүнө көмөкчү чордон куруу үчүн 20 м2 жер тилкеси ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Көмөкчү чордон куруу үчүн бөлүнүп жаткан 20 м2 жер тилкесине тийиштүү иш кагаздарды даядоо жагы жер адис Р. Тологоновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б. Мураталиев |