Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-марты № 2868-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нышанов Джайлообай Данибаевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1. 4-пунктчада:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан";";
- он биринчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
1. 6-пунктчада:
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Нышанов Джайлообай Данибаевич - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан";".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.Исаева |