Редакцияот 12.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VIII- сессиясы

 

2025-жылдын 12-майы  №1

 

Чаек айыл аймагындагы ички көчөлөрдөгү жолдордун

уурасын бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жана 27-беренесин жетекчиликке алып Чаек айыл аймагындагы ички көчөлөрдөгү жолдордун туурасын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Чаек айыл аймагынын Рыскулов жана К.Акыев көчөсүнүн туурасы генпландагыдай  15 метр боюнча калтырылып, калган ички көчөлөрдөгү жолдордун туурасы  бардыгы бирдей болуп 12 метр деп бекитилсин.

2. Чаек айыл аймагындагы Көк-Ой айылынын ички көчөлөрүнүн туурасы 14 метр жана айланма жолу 16 метр деп бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары

Б. Абаев