Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-апрели № 2993-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2025-жылы каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы, "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунан "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы: (1) Шопоков чакан долбоору, (2) Талас чакан долбоору - II фаза, (3) Кемин чакан долбоору" долбоору боюнча берилүүчү инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жана 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2025-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Тургунбек уулу |